• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Абдрахманов көчөсүнө тротуар куруу иши башталды

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнө кеңдиги 2 метр, узундугу 1260 метр болгон тротуар куруу иши башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курулуш иштерин мэриянын жол башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары, шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.

Пикир

Оставить комментарий