• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 7-апрель — Элдик революциянын 12 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Баткенде 7-апрель — Элдик революциянын 12 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Митинг-реквиемге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасында облус башчысы мамлекет тарыхындагы бул олуттуу окуянын маанисин белгилөө менен курман болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, 2010-жылдын 7-апрели - өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири экендигин айтып өттү.

Эскерүү митингинин соңунда курман болгон апрель баатырларынын арбагына багышталып куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий