• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 11.04.23./Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Тактап айтканда, бүгүн, 11-апрелде 9:00дөн 24:00гө чейин шаардын Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Рабочий городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн тарабы) суу болбойт.

Суу "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий