• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-австрия кызматташтыгын кеңейтүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.08.21./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы жаңы дайындалган элчиси Толенды Макеев Австриянын Европа иштери жана Тышкы иштер Федералдык министрлигинин протокол башкармалыгынын башчысы элчи Энно Дрофеникке Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Э.Дрофеник Т.Макеевди Австриядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо максатында биргеликте жигердүү иштешүүгө үмүт артарын билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстандын элчиси эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз-австрия мамилелерин бекемдөөгө өз салымын кошууга даярдыгын билдирди.

Элчи Т.Макеевдин Ишеним грамотасын Австриянын президентине тапшыруусу ушул жылдын сентябрь айынын биринчи декадасында күтүлүүдө.

Кыргызстандын президентинин Жарлыгы менен 2021-жылы 18-июнунда Макеев Толенды Картанбаевич Кыргызстандын Австриядагы элчиси, Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий