• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Былтыр Бишкекте тез жардам унаалары катышкан 19 жол кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тез жардам унааларынын техникалык абалын текшерип, айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2021-жылы Бишкекте тез жардам унаалары катышкан 19 жол кырсыгы катталган.

Катталган жол кырсыктарынын көпчүлүгү оорулу бейтапты ооруканага алып бара жаткан учурда, каршы тилке менен айдап бара жаткан учурларда, карама-каршы тилке менен келе жаткан унаалардын өз убагында жол бошотуп бербөөсү жана катуу ылдамдыкта айдоодон келип чыккандыгы, ошондой эле кээ бир тез жардам унааларынын техникалык абалы оң абалда эместиктен жол кырсыктары келип чыгып жаткандыгы байкалууда.

Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Саламаттык сактоо автобазасындагы тез жардам унааларынын айдоочуларына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жолугушуу учурунда биринчиден унаанын техникалык абалына көңүл буруп, дөңгөлөктөрдүн мезгилдик талаптарга шайкеш келүүсү жана оорулуу жарандарды ооруканага ыкчам жеткирүү учурунда каршы тилке менен айдоодо башка унаалардын жол бошотуп берүүсүнө көңүл буруп, кыймыл учурунда жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттарды байма-бай иштетүү керек экендигин эскертишти.

Эскерте кетсек, кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан коомдук транспорттордун техникалык бузууларын аныктоо максатында “Коомдук транспорт” аталышында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий