• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мектепке электрондук каттоодогу мүчүлүштүктөрдү оңдоого убада берди

Билим 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги 1-класска электрондук каттоодо пайда болгон мүчулүштүктөр болушу мүмкүн экенин жана буга байланыштуу ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөнү өтүндү.

Билим берүү министрлигинин санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилегендей, өткөн жылы секундасына 60 миңден ашуун адам катталууга аракет кылган учурда серверде көйгөйлөр байма-бай катталып келген.

“Каттоо системасы техникалык планда мынча жүктү көтөрө албайт. Биз ата-энедерди мындай учурда дүрбөлөңгө түшпөй 5-10 мүнөт күтүп, андан кийин катталууну улантууга чакырабыз.

Азыркы учурда бизде системаны иштеп чыгуучулар нөөмөттө турушат. Биз бул боюнча иштеп жатабыз жана кийинки жылы мындай көйгөйлөрдү болтурбоого аракет кылабыз", - деди Шаршенбай уулу.

Эске салсак, бүгүн, 10-апрелде Кыргызстанда мектептерге электрондук кабыл алуу башталды.

Пикир

Оставить комментарий