• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Босого конушунда үй тибиндеги эки бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Ак- Босого конушунда үй тибиндеги эки бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Биринчи Май районунда үй тибиндеги үч бала бакча ачылган.

Үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда жеке жактардан "Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтары” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.

Кызыккан жактарга төмөнкү шилтеме боюнча кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий