• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы коңгуроо! Бишкекте 11-классты 8111 окуучу аяктады

Билим 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкектин мектептеринде 9-классты 15 миң 688 окуучу жана 11-классты 8 миң 111 окуучу аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-майда борбор калаанын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу иш-чаралар өттү.

“Рухи-Мурас” жаңы конушундагы №100 мектепте акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу аземге борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Эмилбек Абдыкадыров окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында атайын аттестат алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн өсүү динамикасы байкалууда, андыктан 262 абитуриенттин ичинен 55 окуучу билимин тастыктап, 20,6%ды түздү. Жалпысынан республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү күбөлүктөрдүн 32,9%ын Бишкек шаары алат.

Быйылкы окуу жылында өткөн жылга салыштырмалуу абитуриенттердин саны 8,3%га же 23 окуучуга көп болду.

Пикир

Оставить комментарий