• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖОЖдор индекстелүүчү маалымат базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алат

Билим 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун жетекчилиги алдында КРнын жогорку окуу жайларынын ортосунда эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылууну сатып алуу үчүн консорциум түзүүгө макулдашылды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган келишимдин негизинде жогорку окуу жайлары төмөндөгү индекстелүүчү маалымат базасын колдонууга мүмкүнчүлүк алат:

- 25 миңден ашуун рецензияланган илимий-техникалык жана медициналык журналдарга (7000ден ашуун эл аралык басмаканалар тарабынан чыгарылат);

- 200 миңден ашуун китеп;

- конференциялардын материалдарынын кеминде 10 миллион басылмаларына;

- 5 патенттик ведомстводон кеминде 45 млн патентке;

- 20 миңден ашуун методикалык маалыматтарды экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө;

- атрибуттары бар толук жана ар тараптуу автордук профилдер: цитаталар, документтер, дүйнө жүзүндөгү бардык активдүү изилдөөчүлөр үчүн авторлоштор;

- күн сайын жаңыланган маалымат базасына.

Пикир

Оставить комментарий