• 88.68
  • 95
  • 0.95

Советтер Союзунун Баатыры Панфиловдун Бишкектеги эстелиги жаңыртылат

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-ноябрында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов «Дубровин» эстелик куюучу устаканасына барып, анын жетекчиси Иван Дубровин менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Р.Бийбосунов менен И.Дубровин Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун Бишкек шаарындагы ушул эле аталыштагы парктагы эстелигин жаңыртуу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

И.Дубровин устакананын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, экспонаттарды көрсөттү жана И.В.Панфиловдун колодон жаңыланып, жасалып (куюлуп) жаткан эстелиги менен тааныштырды.

Р.Бийбосунов И.Дубровинге жана Россиянын Свердлов облусунун өкмөтүнө бул долбоорду ишке ашырып жаткындыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий