• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калкы 20 миңден ашуун болгон айылдык кеңештердин төрагалары бекитилген базалык эмгек акы алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча кеңешме өткөрүп, айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө, тагыраак айтканда, калкы 20 миңден ашкан айылдык кеңештердин төрагалары үчүн бекитилген бир айлык базалык эмгек акы берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мындан тышкары Өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, калкы алты миңден ашкан айылдык кеңештердин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн акы төлөнүүчү жооптуу катчы кызматы бекитилет.

Жергиликтүү кеңештердин төрагалары үчүн айлык акы 2020-жылдын 1-июлунан тарта төлөнүп баштайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралдардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн өтө маанилүү жана жер-жерлердеги жарандарга жылыштар сезилерлик болуш үчүн бардык демилгелерди ырааттуу ишке ашырууга жетишет.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Респаубликасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы убакыттын аралыгындагы артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Дотациялык айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу чараларын жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча иштер мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев экономикалык түшкө жана калктын бакубатчылыгына жетишүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарда жарандардын жашоосун жакшыртуу күч-аракеттери менен бирге этностор аралык ынтымакка, тынчтыкка жана туруктуулукка айрыкча көңүл буруу зарыл. Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, ушундай шартта гана ар бир аймактын, ар бир шаардын жана айылдын өнүгүшүнө кубаттуу дем берүүгө болот.

Премьер-министр баса белгилегендей, этностор аралык чыңалууну шарттаган себептерди жана шарттарды өз убагында четтетүү, таасирдүү чараларды көрүү маанилүү.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү, экономикалык эркиндикти жана калк үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда жарандардын активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди активдештирүү маселесин козгоду. Анын пикиринде, жарандык өз алдынчалыкка калыптандыруу жана бардык этникалык коомчулуктарды бириктирүү аркылуу улуттук биримдикти камсыздоо иштерин улантуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий