• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Фирсов көчөсүнө суу түтүктөрү тартылды

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкектин Фирсов көчөсүнө узундугу 500 метр суу түтүктөрү тартылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, реконструкциялоонун жүрүшүндө диаметри 50дөн 100 ммге чейинки суу түтүктөрү жаңыртылды. Суу түтүктөрү болоттон жасалды.

Мэриядан белгилешкендей, натыйжада суу менен камсыз кылуу системасынын ишенимдүүлүгү жогорулайт, бул коромжуларды бир топ кыскартат. Түтүктө агуулар жана тешиктер жок болсо, системадагы басым ошончолук жакшы болот. Демек, суу эч кандай көйгөйсүз үйлөргө жетет.

Фирсов көчөсүндө суу менен камсыздоо кызматынын адистери «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында бүтүндөй комплекстүү иштерди жүргүзүштү.

"Иш ушул жылдын апрель айынын аягында башталган. Адистер тарабынан 13 суу суу түтүк кудугу тазаланып, бир жаңы кудук орнотулуп, 7 суу бурагычы алмаштырылды.

Фирсов көчөсүндөгү пландуу-алдын алуу иштер келечекте асфальт-бетон төшөлмөсүн бузууну болтурбоого жана абоненттерди керектүү көлөмдө суу менен камсыздоого жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий