• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар Садыр Жапаровду колдойт – Акылбек Жапаров сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосунун жыйынтыгын Facebook`тагы расмий баракчасына жарыялады.

"Акыркы убактарда жалпыбыз президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар саясатында иш жүзүнө ашып жаткан көптөгөн далилдүү иштерге жана жакшы башталыштарга күбө болуп жатабыз. Укмуштуудай кескин экономикалык бийиктиктер жана социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүдөгү ийгиликтер менен кошо, биз эл аралык каржы институттарынан фискалдык-финансылык саясатыбыздын багытын колдогондорун угуп жатабыз", - деп жазган Акылбек Жапаров.

Ал белгилегендей, биз үчүн бет алган курсубуздун эл ичинде жактырылышы өзгөчө мааниге ээ, анын жогорку деңгээлин ички сурамжылоолор тастыктоодо.

"Элдин мындай кеңири колдоосуна, экономикалык абалдын жакшырышына жана коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө күмөн санагандарга биз Эл аралык республикалык институттун көз карандысыз коомдук пикирлер боюнча сурамжылоолоруна бир көңүл буруп коюуну сунуштайбыз.

Сурамжылоолордун жыйынтыктары президенттин саясатын колдогондордун олуттуу өскөнүн, үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалынын жакшырганын жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциянын кескин азайганын көрсөтүүдө. Урматтуу Садыр Нургожоевичтин командасынын бет алган курсунун коомчулук тарабынан күчтүү колдоолорго ээ болушу мындан аркы экономикалык өнүгүүдө, жарандарыбыздын бакубат жашоосун жогорулатууда жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүүдө сөзсүз ийгиликтерди камсыз кылат.

Бул ийгиликтер – президент Садыр Жапаровдун жетекчилигиндеги өкмөтүбүздүн күжүрмөн эмгегинин үзүрлүү натыйжасы. Коррупциянын бардык баскычтарда олуттуу кыскарышы чынчыл жана ачык саясат жүргүзүүдө чечкиндүү жана натыйжалуу иштердин жүрүп жаткандыгын тастыктайт. Биз ар бир кыргызстандык үчүн туруктуу жана ишенимдүү жаркын келечекти камсыз кылуунун үстүндө ак кызматыбызды уланта беребиз!" - деп кошумчалаган ал.

Пикир

Оставить комментарий