• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Бангладештин премьерине Даккадагы өрттө адам өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасинага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Ушул жылдын 29-февралында Дакка шаарындагы соода борборунда болгон ири өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жабыркады деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам, ал эми жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий