• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев: Шайлоолор таза өтүшү керек

Президент 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 11-сентябрда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы жыйынды ачып жатып, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталып жаткан маселенин - 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоолорго даярдык көрүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи. “Эгерде шайлоолор таза жана ачык өткөрүлсө эл жыйынтыгын кабыл алат. Шайлоолор таза өтүшү керек”,- деп Алмазбек Атамбаев сөздү докладчыларга - вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага берүүнү сунуштады.

Дүйшөнбек Зилалиев белгилегендей, Президенттикке талапкерлерге бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоочулардын укуктарын коргоо максатында Өкмөттү буйругу менен республикалык штаб түзүлгөн. Штабдын өткөрүлгөн эки жыйынынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилген, шайлоо участокторун электр энергиясы, телефондук байланыш, финансы, ошондой эле коопсуздук чаралар менен камсыз кылуу боюнча жооптуу адамдар бекитилген.

Вице-премьер-министрдин айтымында 2017-жылдын 8-сентябрына карата 3 млн 55 миң 442 адам биометрикалык каттоодон өткөн. Шайлоочулардын тизмесине 2 млн 935 миң 293 жаран киргизилген. Анын 30 миң 100 адамы биринчи жолу шайлоого катышат.

1-октябрдан тартып өлкөнүн бардык областтарында системаны жана техниканы тестирлөө башталат. Коомдук тартипти 9,5 миңден ашуун милиция кызматкери жана ыктыярдуу элдик кошундардын 9 миңден ашуун өкүлдөрү камсыз кылат. Шайлоочуларды каттоо боюнча системанын ишин камсыз кылууга 9,5 миңден ашуун оператор тартылып, алар райборборлордо окуудан өткөрүлөт.

Президенттик шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу бардык чыгымдар өз мөөнөтүндө жана толугу менен каржыланат. Шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз кезегинде учурда жарандардын шайлоочулардын тизмесиндеги жарандарды тактоо боюнча активдүү процесс жүрүп жаткандыгын маалымдады. 15-сентябрга чейин контролдук тизме түзүлөт жана 24-сентябрда участкалык шайлоо комиссияларында илинип коюлат. 5-октябрга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын тизмесин биротоло калыптандырып чыгат.

“Шайлоочулардын тизмесин тактоонун жүрүшүндө 42 миң жарандан шайлоо даректери боюнча добуш берүү тууралуу арыз келип түштү. Баарынан көбү Бишкек менен Ош шаарында. Биз шайлоочулардын тизмесин тактоонун жүрүшүн талдап, айрым шаарларда, областтарда шайлоочулардын саны өскөндүгү студент жаштар бар экендиги, ошондой эле областтар аралык миграция кыйла өскөндүгү менен байланыштырып жатабыз”, -деди Нуржан Шайлдабекова.

БШКнын төрайымы мурдагы кетирген катачылыктарды жана кемчиликтерди эске алып, шайлоочулардын тизмеси менен ишти жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Алсак, дарек регистри түп тамырынан бери жаңыланды, ДРГМС(ГИСАР) – даректин регистрдин геомаалыматтык системасынын программасы түзүлдү. Анын айтымында эми шайлоочулардын тизмеси ачыктыгы, ар дайым маалыматтар жаңыланып турушу менен айырмаланат. “ Мурда тизме шайлоолор алдында жана шайлоо мезгилинде гана илинчү. Мындан тышкары шайлоочулардын тизмесине ишеним аз эле. Эми тизмелер ачык болуп, мамлекеттик портал үзгүлтүксүз жаңыланып, акыркы ирет качан жаңылангандыгынын датасы, шайлоочулардын жылышынын тарыхы чагылдырылып турат. Эки эреже киргизилди, бул - №2 форма боюнча жеке арыз берүү жана аны атайын корголуучу белгилери бар кагазга чыгаруу. Мындай чара мурда талапкерлер же алардын өкүлдөрү тарабынан колдонулуп келген №2 форма сатып алуунун жашыруун бир формасы болгон ыкмаларга жол бербейт”,- деди ал.

Төрайымдын маалыматы боюнча шайлоочулардын бир катар категориялары боюнча жаңы ыкмалар менен иш жүргүзүлдү. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу максатында ишке ашырылды. Чет мамлекеттерде 37 шайлоо участогу түзүлдү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, консулдук каттоого акысыз тургузуу уюштурулду. Аскер кызматкерлери, социалдык мекемелердин пациенттери, ИИМдин, ГСИН системасынын убактылуу кармоо жайларындагы жарандар сыяктуу категориялар менен иш жүргүзүлдү.

Республика боюнча жана чет мамлекеттерде бардыгы болуп, 2375 шайлоо участогу иштейт.

Нуржан Шайлдабекова Президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 671 млн.502,1 миң сомдук чыгымдын сметасы каралгандыгын жарыя кылды. Анын ичинен биринчи турга - 538 млн 830,1 миң сом, экинчи турга - 132 млн 672 миң сом каралган.

БШКнын башчысы шайлоо маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады. ”Өткөн кампаниянын кемчиликтерин эске алуу менен, маалыматтарды жеңил талдап, чагылдырыш үчүн программалык камсыздоо өркүндөтүлдү. БШК талапкерлер үчүн, алардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК үчүн кеңири коомдук бет ачар уюштурууну болжолдоп жатат. Система обьективдүү, эч бир жандын кийлигишүүсү жок, автоматтык режимде добуш берүүнүн так жыйынтыгын алууга мүмкүнчүлүк берээрине коомчулуктун көзү толук жетиш керек. Жыйынтыгын өзгөртүү максаты менен тыштан таасир этүү эч мүмкүн эмес. Борбордук сервер жөн гана суммасын чыгарчу маалыматтардын өзүн калыптандыруу добуш берүүгө 7-10 күн калганда аяктайт жана маалыматтардын түзүмүн эч кандай ыкма менен өзгөртүүгө мүмкүн эмес”,- деди ал.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында кол менен эсептелген протоколдордун сканированиеден өткөрүлгөн версиялары биринчи жолу БШКнын сайтында автоматтык режимде автоматтык түрдө эсептелген маалыматтардын жыйынтыгы менен кошо, ошонун жанына жайгаштырылат. Бул иш добуш берүү аяктагандан кийин 2-3 сааттын аралыгында ишке ашырылат. Муну баары программалык камсыздоону өркүндөтүүнүн жана протоколдун формасын өзгөртүүнүн аркасында ишке ашырылды.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча айтылган сын пикирлерди, сунуштарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тиешелүү чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий