• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлигинде "Бөбөктай" балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн "Бөбөктай" балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр Догдуркул Кендирбаева салтанаттуу ачылышта балдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.

Борборду ачуу идеясы Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаевага таандык. "Мен биринчи күнү министр кызматына келгенде балдар менен кошо жумушка келген кызматкерлерди көргөндө, ушул идея келди. Мамлекеттик кызматта иштегендерге иш күнү чектелбейт", - деди Догдуркул Кендирбаева.

Бөбөктөрдү өнүктүрүү борборунун түзүүнүн үлгүсү катары ачылып жатканын айтып, бул жакшы самаалыкты билим берүү тармактары жана башка министрликтер дагы колдоого чакырып, уюштуруу үчүн челлендж таштады.

Борборду түзүүнүн негизги максаты – кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жеке менчик, мамлекеттик өнөктөштүк боюнча бирдиктүү ишмердүүлүк жүргүзүү. Мындай борборду каалаган мекемеде, уюмда, ишканада уюштурууга болот. Айрыкча ошол мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлердин балдары үчүн ыңгайлуу.

Борбордо балдар эки сааттан 10 саатка чейинки убакытта боло алышат. Аларды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишимге ылайык күндүзү мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студент-практиканттар карайт.

Борбордогу өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, килемдер улуттук стилде коопсуз, экологиялык таза материалдардан жасалган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор менен жабдылган. Борбордун ичинде ысык жана муздак суу менен камсыздалган бөлмө, ошондой эле мектепке чейинки балдар үчүн өзүнчө дааратканасы бар.

Борбордун ачылышына демөөрүлүк кылган тараптар дагы келип, колдоосун билдирип кетишти. "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы тарабынынан колдоо жасалган.

Пикир

Оставить комментарий