• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүттү сатып алуунун баасы 25 сомго чейин жогорулады

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Сүттү кайра иштетүүчү заводдор сүттүн сатып алуу баасын 25 сомго чейин жогорулатышкан.

Бүгүн кабарчылар Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Үмүт жана Ко” сүттү кайра иштетүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти.

Ишкана жетекчиси Кайрат Абдуллаев заводдун учурдагы иши, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүлүп жаткан продукцияны экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын айтуусу боюнча, бир айдан бери ишкана сүттү 22-25 сомдон сатып алууда. Бул баа сүттүн майлуулугуна жараша өзгөрөт. “Биз заводго келген сүттү ушундай баа менен сатып алабыз, ал эми элдерден сүт 18-20 сомдон алынууда. Бизге сүт Токмоктон, Кемин жана Ысык-Ата райондорунан келет. Бир күндө заводго 180 тонна сүт келет. Биз сүт, каймак, быштак, йогурт, айран, балмуздак жана сыр чыгарабыз”, - дейт ал.

Анын айтымы боюнча, дайыма жай мезгилинде сүттүн баасы төмөндөйт, бирок, бул жылы өкмөт тарабынан жасалган иштердин жыйынтыгында сүттүн баасы төмөндөбөйт. Атап айтканда, өкмөт кайра иштетүүгө болгон салыктарды төмөндөткөн. “Былтыр жай мезгилинде сүттү 18 сомдон алсак, быйыл 24-25 сомдон сатып алып жатабыз. Өкмөт бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүүдө. Бул өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзүп, ишканалар үчүн тийиштүү көлөмдөгү сүттүн туруктуу тапшырылуусун камсыздайт, ал эми дыйкандар чарба жүргүзүүдөн жетиштүү түрдөгү киреше алып, малдын башын көбөйтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга жана сүт көп берген тукумдуу уйлардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенебиз”, - дейт Абдуллаев.

Ишкананын жетекчиси баса белгилегендей, алар өндүрүлгөн азыктарды ички рыноктон тышкары Казакстан жана Өзбекстанга экспорттошот. Андан тышкары, келечекте Кытайдын рынокторуна чыгуу пландары бар.

Эске сала кетсек, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу керектигин айткан. “Бул айыл жергесиндеги калктын жашоо-шартын жакшыртууда абдан маанилүү кадам”, - деп баса белгилеген өкмөт башчысы.

Пикир

Оставить комментарий