• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 431 арыз жана кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 21нен 27-январь күндөрү 431 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 106 кайрылуу.

Борбор калаанын мэриясы билдиргендей, кайрылуулардын көбү жылуулук (31), электр энергиясы (30) боюнча болгон. Ошондой эле сырттагы жарыктандырууга 12 ирет арыздануу түшкөн.

Башка кайрылгандар маалымат алуу, тактоо иретинде чалышкан.Ошондой эле шаар тургундары өздөрүнүн арыз жана кайрылууларын төмөнкү телефондорго жөнөтө алышат.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий