• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн жылы мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 289 факты катталган

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын 12 айынын жыйынтыгында Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 289 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Балагазыев билдирди.

Анын айтымында, катталган фактынын ичинен 44ү сотко жиберилген.

“Ал эми 2022-жылдын эки айында тогуз факты катталып, бешөө сотко жиберилди. Ошондой эле ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзам бузуулардын төрт фактысы аныкталган. Алар Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренеси (“Жарандарды жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер”) боюнча катталган”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Улуу Британия 1 миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр.

Ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов белгилегендей, 2022-жылдын үч ай ичинде мыйзамсыз миграцияны уюштурууга байланыштуу 32 кылмыш иши козголгон.

“Учурда 9 кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, материалдар сотко жөнөтүлдү. Укукка каршы аракеттердин калган фактылары боюнча тергөө уланууда. Алардын арасында кылмыш иштеринин көпчүлүгү алдамчылык аракеттердин курмандыгы болгон жабырлануучулардын билдирүүлөрү боюнча козголгон. Алдамчылар чет өлкөгө ишке орноштурууга убада беришип, жабырлануучулардан акча алышып, андан соң изин жашырып кетишкен. Мындай укукка каршы аракеттердин көпчүлүгү Бишкек шаарында, ошондой эле Ош шаарында жасалган. Арыз менен кайрылган жарандардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүндө, ошондой эле АКШда, Канадада, Кореяда иштөөгө аракет кылышкан”, - деди Макилов.

Пикир

Оставить комментарий