• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлдү

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

undefined

Анын айтымында, 2007-жылдан бери Түштүк Корея менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктар жумуш менен камсыз болууда.

“Келишимге ылайык, жарандар 4 жыл 10 ай Кореяга барып иштеп келет. 15 жыл аралыгында 5 миңден ашуун кыргызстандык Кореяга барып келди. Жумушка орноштуруу программасы азыр дагы уланууда”, - дейт ал.

Акматбеков быйыл Түштүк Корея жумушчулар үчүн квотанын санын көбөйткөнүн маалымдады.

“Буга чейин 1 миң адамга берилип келсе, 2022-жылы 1 миң 800 адамды жумушка алууга макулдук берди”, - деди аталган борбордун директору.

Пикир

Оставить комментарий