• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Черногория жана Албаниянын ТИМ башчылары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Албаниянын Европа жана тышкы иштер министри Игли Хасани жана Черногориянын тышкы иштер министри Филип Иванович менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 1-мартта Түркиядагы Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Жээнбек Кулубаев Албаниянын ТИМ башчысы Игли Хасани менен жолугушууда эки өлкөнүн көп тараптуу платформаларында, тактап айтканда, БУУ жана ЕККУнун алкагында кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулады. Климаттык күн тартибин илгерилетүүгө жана Тоо шериктештигинин алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгына өзгөчө басым жасалды.

Черногориянын тышкы иштер министри Филип Иванович менен болгон сүйлөшүүлөрдө тараптар 2024-жылы ТИМ аралык консультацияларды өткөрүү жана дипломатиялык академиялардын ортосундагы кызматташтыкты түзүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Черногория делегацияларынын башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, анын ичинде шайлануучу органдарда өз ара колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий