• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Популизмдин дагы чеги болуш керек". Дайырбек Орунбеков активист Атай Бейшенбекке жооп берди

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Жарандык активист Атай Бейшенбек Facebook`тагы баракчасына президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков менен болгон жазышуусунун сүрөтүн жүктөгөн.

Аталган жазышуу тууралуу Орунбеков түшүндүрмө берип, жарандык активист Атай Бейшенбектин чек ара маселесине байланыштуу Өзбекстандын президентине жазган каты боюнча көп адамдар ага кайрылгандыгын билдирди.

Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Ал (Атай Бейшенбек - ред.) буга чейин протоколду ачыктагыла деген талаптарын такай жазып келген болчу. Коомчулуктан жаралган суроолорго жооп берүү максатында президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна барып, элге маалымат берип келишкен. Ошол сапарда Атай Бейшенбекти дагы чакырып, чогуу алып барып көрсөтүп, маалымат ал деген сунуш болгон. Бирок Атайдан жооп болгон жок. Жолугушууда чек ара маселесиндеги сүйлөшүү биздин мамлекет үчүн пайдалуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар айтылган.

Бирок, суроолор кайра эле козголуп, улана бергендиктен, кечээ жакында Жогорку Кеңештин комитетинде дагы кайталап маалымат берүү болду. Сындап жаткандар, түрдүү көз караштагы жарандар ылгабай чакырылды. Ал жыйынга дагы Атай Бейшенбекти телефон чалып чакырдым. “Мага түз эфирде көрсөтүп бергиле, барбайм”-деген жооп алдым.

Биз калып, эми Өзбекстандын президентинин чечимдерине аралашып, акыл үйрөтүп, талап кылып баштаптыр.

Өзбекстан менен чечилип жаткан тилкелер бул көп жылдан бери келе жаткан көйгөй болчу. Жакшы билесиздер, бир нече жолу чыр-чатактар чыккан. Атышуунун кесепетинен адам каза болгон, такталбаган жерге кирип кетип, өзбек чек арачылары кармап алып кеткен учурлар көп катталган. Чек аранын чечилбеген кесепети эмне экенин көрдүк. Тажикстан менен болгон эки жолку кандуу окуяда адам каны төгүлдү.

Эми чечүү аракети жакшы жыйынтыктарын берип жатканда, коомчулукту дүрбөтүп, маалыматтарды атайын бурмалап чуу жараткысы келгендер болуп жатат. Бизге акыл үйрөткөнү жетишпей жаткансып, өзбек кошуналарга чейин кийлигишкенге өттүштү.

Мындай кесепеттүү аракеттер албетте сүйлөшүүгө терс таасирин тийгизе турганын белгилейм. Активисттин Өзбекстандын ички саясатына аралашып, сунуш берүүсү, акыл үйрөтүүсү – өзбек элин алардын бийлигине каршы үгүттөө деп эсептейм.

Ушундайлардын кесепетинен, өзбек тарап “кыргыздар бир пикирге келе албасаңар, “акылдууңар” көп экен, биздин саясатка аралашып баштады, аларды тыйгыла, чек ара маселесин кароону жылдыралы, же башынан карайлы”-десе эмне болот?

Мына ушуну эске алып, Атай Бейшенбекке кайрылдым эле. Себеби, анын жазганын соцтармакта бөлүшүп “чагымчылдык кылып жатат, камап салыш керек”,-деп талкуулап башташты.

Анын мазмуну, “Атай, обу жоктонбо. Чалса жооп бербейсиң, эки элдин мамилесин бузуп жатат, камап салбайсыңарбы деп ар ким кайрылып баштады”-деп жазгам. Бул экөөбүздүн ортодогу переписка болчу. Аны “скриншот” кылып алып, пост жазып салыптыр.

Популизмдин дагы чеги болуш керек. Мындан тышкары, жеке жазышкан катты жарыялоо адамдын тарбиясынын күзгүсү. Үйрөткөн акылдарын, айткан кеңештерин келип жардам бер, мамлекетке чындап эле күйүп жатсаң чогуу иштейли десең, уккусу дагы жок. Кызыгы, “скриншот” кылып жатканда өзүнө керектүү жерин гана жарыялаптыр. Толук мазмуну мындай.

Кошуналар менен аймактарыбызды тактап, түбөлүк достукта жашайлыбы же “акыл үйрөткүчтөрдүн” чагымчыл аракеттерин ээрчийлиби?,-деген суроо көпчүлүктү кооптондурат. Башка маселеде популисттик чакырыктар менен өзүнө көңүл бурдурса мейли, абдан маанилүү саясатка аралашып, сүйлөшүүнүн натыйжасына терс таасирин тийгизгенге аракет кылгандарды, аша чапкандык деп эсептейм.

P.S. Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинде “тигини кама, муну кама” деп укук коргоо органдарына тапшырма бере турган ыйгарым укуктары жок экенин баса белгилейм. Атай менен мурда-кийин тааныш катары гана айрымдардан ушундай мазмундагы каттар келип атат деген маанайда жеке өзүнө жазгам".

Пикир

Оставить комментарий