• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Түндүк электр” аба чубалгыларын реконструкциялоону улантууда..

Коом 0

Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. “Түндүк электр” ААК өзүн изоляциялаган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштерин улантууда. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, акционердик коом боюнча 2017-жылдын 10-ноябрына 232 чакырым 0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланган, анын ичинен:

Бишкек шаарында- 137 чакырым;

Чүй облусунда - 77 чакырым;

Талас облусунда – 17,5 чакырым

Учурда 0,4 кВ зымдарын өзүн изоляциялаган зымдарга алмаштыруу иштери борбор калаабыздагы Энесай, Келечек конуштарында, Садырбаев, Гагарин, Тулебердиев, Можайский, Профессор Зима, Исанов, Кудрук, Куренкеев көчөлөрүнүн участокторунда; Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Арчалы, Байгельди айылдарында, Сокулук районундагы Сокулук айылында, Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, ошондой эле Кара-Балта шаарындагы Луговая, Кошелев, Кожомбердиев, Окружная, Степная, Ломоносов көчөлөрүнүн участокторунда жүрүүдө. Ушул эле жумуштар Талас облусунун борбору-Талас шаарында да аткарылууда.

Бөлүштүрүү тармактарды жаңылоо боюнча иштердин жүрүшүндө эски жыгач тирөөчтөрү жаңы темирбетон тирөөчтөрүнө алмаштырылууда. Жалпысынан быйылкы жылы “Түндүк электр” ААК боюнча 0,4 кВ аба чубалгыларынын 3883 тирөөчтөрү алмаштырылды.

Эске салсак, өзүн изоляциялаган зымдар кичине салмакта болот жана кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Өзүн изоляциялаган зымдын артыкчылыктарынын санына оңдоодогу жөнөкөйлүгү, чыңалуу алдында иштөө мүмкүнчүлүгү, коопсуздуу тейлөө кирет.

МААЛЫМКАТ

“Түндүк электр” ААК балансында 11 250 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгылары бар, ал эми 2012-2016 ж.ж. ичинде алардын 586 чакырымы өзүн изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкцияланган.

Пикир

Оставить комментарий