• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаровдун эл кызматындагы үч жылы: өлкөдө эмне өзгөрдү?

Коом 0


Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине 3 жыл болду. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети өсүп, 2023-жылы ички дүң продукция тарыхый чектен ашты.

Тагыраагы, ИДПнын көлөмү 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жетти. Курулуш тармагына да өзгөчө маани берилип, акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 2 эсе көтөрүлдү.

Коргоо министрлигине биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс сатып алынып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары 100% жаңыланды.

Аскердик техникалар сатып алынып, кыргыз армиясы күчтөнүүдө. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктап, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түштү.

Садыр Жапаровдун эл кызматындагы үч жылы, жасаган иши, өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу шаар тургундарынан сурамжылоо кылып көрдүк.

Пикир

Оставить комментарий