• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык турист Өзбекстанда велосипед менен саякаттап жүрөт

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Самарканд шаарына 4-июнда бүтүндөй Өзбекстанды кыдырып чыгууну чечкен Кыргызстандык велотурист Таштанов Мемет Ага келди. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамтуризмкомитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Алыстан келген конокту Самарканд облусунун туризмди өнүктүрүү департаментинде тосуп алышкан.

Өзбекстандын велоспорт федерациясы Таштанов Мемет Агага мейканканага жайгашуусуна жана велосипедин оңдоо иштерине көмөк көрсөтүшкөн.

Мемет Ага сапарын Бишкектен баштап, 944 чакырым жүрүп Самаркандка келген. Учурда ал Өзбекстанды кыдырып жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий