• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаардык мэрияларында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаардык мэрияларында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары Бабаев Илязбек Дооранбекович ротациялоо тартиби менен Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Айтматов Мирланбек Мусаевич, Сүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ротациянын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана муниципалдык кыматкерлердин дараметин жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий