• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Жалал-Абадда мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин мамлекеттик экспертизасынын корутундусу жок Жалал-Абад шаарында жеке менчик жер тилкесинде 9 кабаттуу турак үйдүн жана 3 кабаттуу соода борборунун курулуш иштери уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

Жалал-Абад облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, курулушу бүтүп жаткан объектилердин курулушуна мыйзамсыз түрдө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын түзүшкөн.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий