• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бабанов үгүт иштеринде өзүнүн депутаттык мандатын пайдаланып жатат – Строкова

Коом 0

Бишкек, 29.07.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо өзүнүн административдик ресурсун колдонууда, ошол эле убакта экс-премьер-министрди мамкызматкерлериге басым жасоодо деп күнөөлөп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Евгения Строкова билдирди.

Анын айтымында, Бабанов шайлоо компаниясынын жүрүшүндө өзүнүн депутаттык мандатын тапшырып койсо болмок.

“Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле Бабанов өзүнүн депутаттык кызмат ордунан колдонуп баштаганын баарыбыз жакшы билебиз.

Анын ат салыша турганын баары билишкен, бирок ага карабастан ал жер-жерлерге барып, өзүн пиар кылган. Жана мен айтып кеткендей, ал административдик ресурс колдонгон. Баарыбызга белгилүү болгондой, шайлоо учурунда жарандар өзү менен өзү калышат. Ошондуктан алар кимге добуш бергендигин көзөмөлдөөгө болбойт”,-деди ал.

Андан сырткары Строкова билдиргендей, атаандашы тууралуу жагымсыз маалыматтарды таратууда Бабанов өзүнүн каналдарын колдонуп жаткандыгы туура эмес.

“Бабановдон айырмаланып, Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан кетти. Баса, Өмүрбек Бабанов бийликте болуп жаткан нерселердин бардыгы – бул чындык деп өзүнүн амалкөйлүк ыкмасын колдонууда. Жээнбековдун эмгегин баалаш керек. Ал пиар жасаган жок. Көпчүлүгү аны жакшы билбейбиз деп жатышат, ал көптөн бери иштеп жүрөт өзүнүн ишин тек гана сөз жок аткарып коет. Мисалга, губернатор болуп турган кезинде Оштун шаардык балдар ооруканасына көмөк көрсөткөн, өзгөчө онкология борборуна жардам берген. Анын абалы бүгүнкү күндө Бишкектикине караганда бир топ жакшы”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий