• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бруцеллезго каршы эмдөө жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргызстан боюнча бруцеллезго каршы вакцина жүргүзүү иши башталды. 2017-жылдын 5 айында 186 миң баш бүткөрүлдү. Бул туурасында КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев билдирди.

Республика боюнча 679,3 миң баш быйылкы жылы туулган козу-токтуларды эмдөө планга киргизилген. Жылдык план 2 млн “Жылдын жай айлары болгон июнь менен август эң оптималдуу мезгил. Жаз мезгилинде мал жайытка кетет. Ветеринар вакцинация ишин ошол жакта жасайт. Кызмат көрсөтүүгө бакмачы төлөйт. Анткени ал мал ээлеринен эрте эле чогултуп койгон. Мына ошол себептен ветеринарлар өздөрүнүн жумушун тез бүтүп жатышат” – дейт М.Абдраев.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун алкагында 2017-жылга 2 млн РЕВ-1 вакцинасы жалпысынан 143 миңден ашуун АКШ долларына сатылып алынган.

“Белгилей кетүүчү нерсе, долбоордун алкагында 2009-жылдан бери ветеринардык дарыгерлердин бруцеллезго каршы эмдөө иштеринин жана элдин арасына түшүндүрүү иштеринин жакшы жүрүшүнүн натыйжасында адамдардын арасында бруцеллез оорусу беш эсеге түштү”, - дейт М.Абдраев.

РЕВ-1 вакцинасынын өзгөчөлүгү дарыны малдын көзүнө тамчылатат. Малдын иммунитети төрт жылдан жогору сакталат. Кой-эчкилердин кулагын тешүү анын бруцеллезго каршы вакцинациялоодон өткөндүгүнүн белгиси болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий