• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Облустар ортосунда өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат – Боронов

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Облустар ортосунда өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда карантиндик иш-чаралар сакталат.

"Буга чейинкидей эле облустар ортосунда жүрүүгө чектөө коюлат. Облустарга кирип-чыгууга жүк ташуучу жана айыл чарба тармагындагы унааларга гана уруксат берилет", - дейт Боронов.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00до аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий