• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош шаарында – 3;
  • Ош облусунда – 5;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан төрт чыгуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий