• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алай районунда сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Алай районунда сел сууларын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда Ош облусунун Алай районунда саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында турак үйлөрдүн короолоруна кирген.

Жеринде ӨКМдин ыкчам тобу иш алып барууда.

Учурда жабыркаган жарандар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий