• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Ысык-Көлдүн жашоочусун сабады деп шектелген УКТнын мүчөсү кармалды

Кырсык 0

бишкек, 13.10.18 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун жашоочусун сабады деп шектелген УКТнын мүчөсү кармалды, - деп билдирет ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милицияга Ысык-Көл районунун 35 жаштагы Д.Ж., аттуу жашоочусу кайрылып, 2018-жылдын 26-сентябрында болжол менен саат 23:00дөр чамасында белгисиз адам аны сабап, окуя болгон жерден из жашырып кеткендигин билдирген.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Бишкекте милиция кызматкерлери 30 жаштагы А.А., аттуу жаранды кармашкан. Ал УКТнын мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Кармалган жаран Чолпон-Ата шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

.

Пикир

Оставить комментарий