• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР УКМК тараптардын коомчулугун чек арадагы кырдаалга кыраакылык менен объективдүү баа берүүгө чакырат

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Жетишилген макулдашууларга карабастан тажик аскерлери чек аранын аймагындагы чек ара заставаларына кол салып, заставаны гана эмес, социалдык объектилерди: мектептер, бала бакча, соода түйүндөрүн, фельдшердик-акушердик пункттарды, үйлөрдү жана башкаларды талкалоодо. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

"Тажик тарап каза болгон Кыргызстандын чек арачыларынын сөөгүн мазактап, аларды өз кызыкчылыгына колдонуу максатында сүрөт, видеого тартып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Тажик тарап Кыргызстанга каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, тескерисинче Кыргызстанды агрессор кылып көрсөтүү аракетинде аймактык жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде бул фото-видеолорду өз кызыкчылыктарында колдонушу ыктымал.

Буга байланыштуу КР УКМК эки тараптың тең коомчулугун чек арадагы кырдаалга кыраакылык менен объективдүү баа берүүгө, жана эки боордош, коңшу элдин ортосуна чагымчылдык, башаламандык, араздашуу салып жаткан жактарды айыптоого чакырат. Анткени эки элге стабилдүүлүк, тынчтык жана бейпилдик гана керек.

Пикир

Оставить комментарий