• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Тиркеме "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин" мобилдик версиясы болуп саналат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында катталган жана иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:

– салыктарды төлөөнү;
– электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;
– электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;
– карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;
– салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;
– салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;
– катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Сервис президенттин "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле ишкерлердин салык органдары менен өз ара аракеттенүү процессин жөнөкөйлөтүү максатында ишке киргизилген.

Salyk.kg тиркемесин Google Play аркылуу жүктөп алууга болот, ал эми App Store версиясы жакынкы убакта жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий