• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда 3 айда 65,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 65 млрд 506,1 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, белгиленген план 2,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 млрд сомго көп жыйналды.

Анын ичинде 47 млрд 979,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 272,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 3 айына салыштырмалуу 8 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 17 млрд 526,4 млн сомду түзүп, план 2 млрд 526,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу 3 млрд сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий