• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБ жаңы техрегламенттери 5 тармакты камтыйт - Ахматов

Экономика 0

Бишкек, 31-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылдын 12-августунан тарта Кыргызстан ЕАЭБ техникалык регламенттерине толук түрдө өтөт. Кабыл алынган документтердин көп бөлүгү тамак-аш өнөр жайына байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Султан Ахматов.

“12-августтан тарта 18 техникалык регламент күчүнө кирет. Көпчүлүгү тамак-аш продукциясына таандык. Алардын ичинде жеңил өнөр жай, пиротехника, темир жол унаасы жана лифт коопсуздугу боюнча техрегламенттер бар”, - деди Ахматов.

Анын маалыматында, бүгүнкү күндө ишкерлер коомчулугунун көп бөлүгү техникалык регламенттин нормалары тууралуу маалымдалган. Ошондой эле, Кыргызстандын укуктук базасы экономикалык союздун талаптарына ылайык келтирилген. Техрегламент күчүнө кирген соң, товарлардын сертификаттары жана документтери болбосо, өндүрүүчүлөргө 100 миң сомго чейин айып салынат.

“12-августка чейин сертификат алгандар, Кыргызстандын аймагында ишмердигин жүргүзө алышат. Бирок продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизүү үчүн алар жаңы техникалык регламент боюнча сертификат алуулары керек”, деп түшүндүрдү Ахматов.

ЕАЭБ алкагында 35 техникалык регламент күчүнө кирген.

Пикир

Оставить комментарий