• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК: Президенттик шайлоонун экинчи туру кандай шартта өтөт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 31-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Кабар” маалымат агенттигине кандай шартта президенттик шайлоонун экинчи туру өтөөрүн айтып берди.

Анын билдиришинче, шайлоодо жеңишке жетиш үчүн, талапкер шайлоочулардын 50% кем эмес добушун алышы керек.

“Тагыраагы, мисалы өлкөдө болгону 3 млн адамдын шайлаганга укугу болсо, алардын 2 млн шайлоого катышса, талапкер болжолу менен 1 млн жарандын добушун алыш керек. Эгер бир дагы талапкер шайлоочулардын 50%добушун ала албаса, анда экинчи тур жарыяланат”,-деди Бекматов.

Экинчи турга эң көп добуш алган эки талапкер катышат.

“Ал эми экинчи турда көп добуш алган талапкер жеңет. Белгилей кетсек, БШК шайлоонун жыйынтыгын 20 күндөн кеч эмес убакытта жарыялаш керек. Биринчи турдун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялагандан эки апта өткөн соң экинчи тур болот”,-деп кошумчалады Бекматов.

Пикир

Оставить комментарий