• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыядагы батирлердин биринен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы батирлердин биринен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-январда саат 15:49да куткаруучулар Маяковский көчөсүндө жайгашкан №12 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 58 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий