• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-май күнү Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөп күйгөн. Саат 20:08 өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган, саат 20:26да өрт чектөөгө алынып, 20:50дө өрт толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле Өзгөн районундагы Куршаб айылында турак үйдүн 93 чарчы метр болгон төрт бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий