• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Куткаруучулар сууга чөккөн эки баланы издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Куткаруучулар сууга чөккөн эки баланы издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында 13-июль күнү Чоң Чүй каналына 2016-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. 15-июль күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 8 куткаруучу тартылып, 15 чакырым издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжа болгон жок. Бүгүн, 16-июль күнү издөө иштери улантылат.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 13-июль күнү Өзбекстандын Наманган облусунда Касан-Сай дарыясына 2014-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Өзбекстандын аймагында Өзбекстан куткаруучулары тарабынан издөө иш-чарлары жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Касан-Сай дарыясы Биринчи Май айыл аймагынын Жаңы-Шаар жана Айры-Там айылдарын аралап өткөн Чүст каналына куйгандыгына байланыштуу, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Наманган облустук башкармалыгынын башчысы издеп берүү каты менен кайрылган. 15-июль күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий