• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри Ысык-Көлдөгү селдин кесепеттерин жеке көзөмөлдөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көлдөгү селдин кесепеттерин жеке көзөмөлдөөдө.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарында сел жүргөн.

Селдин кесепетинен улам турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. Ошондой эле, Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол авто унаа жолунун 34-35-чакырымындагы жолду сел жууп, автоунаалардын жүрүшүнө тоскоолдук келтирген.

«Ал эми Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы жол ачык. Абалды жеринен көзөмөлдөө, кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.Э. Далиев жана укук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.С.Энтериев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев кырсык катталган аймакта жүрүшөт»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда селдин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундар, куткаруучулар, атайын техникалар тартылып, иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий