• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 26 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 26 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 4,Ош шаары – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Чүй облусунда – 7, Баткен облусунда – 1, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган.

Алсак, Сузак районунун Кыр-Жол айылынын Согонду тилкесинде ачык аянтта 8 га куураган чөп күйгөн. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылган. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында бастырманын 40 чарчы метр чатыры жана 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий