• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө 9 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн деген маалымат – калп

Коом 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Чүй облусунда күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жалган маалымат WhatsApp аркылуу жайылууда.

Өткөн жумада министрлик бул маалыматты төгүндөгөн болчу, бирок жалган маалымат дагы деле жайылууда.

Министрлик Чүй облусундагы жер титирөө боло тургандыгы боюнча маалымат тараткан эмес.

ӨКМ жарандардан жалган маалымат жайылтып, коомчулукту адаштырбоосун өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий