• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын Ленин районунда милиция кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. КР ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмдөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 59 жылдыгына карата Ленин районунун акимиаты РИИБдин кызматкерлерин сыйлады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, райондун жетекчилиги укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызматтык милдеттерин аткарууга ак ниет мамиле жасап, кылмыштын бетин ачууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бардыгына ден соолук, оор кызматта ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

Көп жылдык жана үзүрлүү кызматы үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер муниципалдык администрациянын ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий