• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы Жусупбеков көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Эржолон Жусупбеков (Загорный) көчөсүнө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын Жеңиш кичи шаарчасындагы Эржолон Жусупбеков көчөсү 4,2 чакырымды түзөт. Учурда анын 2,6 чакырым аралыгына (мурдагы Загорный көчөсү) асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Асфальт төшөө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жүргүзүлдү. Алдыда жолдун калган бөлүгүнө да асфальт төшөлөт.

Эске салсак, аталган көчөгө буга чейин жергиликтүү бюджеттен түнкү жарыктандыруу, тротуар куруу жана темир-бетон арык жаткыруу иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий