• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда таш кулады

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда күн мурун саат 16:30дар чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда таш кулады. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы бидлдирет.

Маалыматка ылайык, таш унаа жолдун 21-чакырымында (1800 м3), ал эми саат 22:30 чамасында 32-33-чакырым аралыктарында (80 м3) кулаган. Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

"Тазалоо иштерине 2 техника тартылды. 17-май күнү техниканын жардамында тазалоо иш-чаралары 21-чакырымында жүргүзүлүп, саат 21:00дө толук тазаланган. Ал эми 32-33-чакырым аралыктарында түшкөн таштарды тазалоо иш-чаралары 18-май күнү улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий