• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Оштун айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт - тизме

Аймак 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, өчүрүүлөр 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъекттерди даярдоо иштерине байланыштуу.

Ага ылайык; Ош шаарынын Сүйүнбаев, Көчөбаев, Алай, Сун-Ят-Сена, Айтиев, Төрөбай, Абакир уулу, Н.Исанов, А.Навои, Курманжан-Датка, Алебастров, “Новый Тельман”, Парижская, Комунна, Давыдов, 1-май, Токтогул көчөлөрүндө жарык жок болот.

Андан тышкары Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылына караштуу Ж.Мамытов көчөсүндө да электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий