• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия менен Орусия ички паспорт менен каттоо маселесин караштырууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Орусия менен Түркия эки өлкө жарандары үчүн визасыз режим киргизүү мүмкүндүгүн караштырууда. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министрлиги Мевлүт Чавшоглу билдиргенин Анадолу агенттиги жазды.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен 28-мартта Анталия шаарында сүйлөшүүлөр болот.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Орусия атайын паспорт ээлери, ишкерлер жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн визаны жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Максат – визасыз режимди бардык категориядагы жарандар үчүн киргизүү. Эки өлкө жарандарын ички паспорт аркылуу киргизип-чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Жолугушууда бул маселени кененирээк талкуулайбыз", – ​деген Чавушоглу.

Азыр иштеп жаткан келишим боюнча Орусия жарандары Түркия аймагында чет паспорт менен 60 күн визасыз жүрө алышат. Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы өлкөгө 5, 964 миллион орусиялык жаран келип кеткен.

2015-жылы Түркия Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин Орусия өз жарандарын бул өлкөгө жибербей, жеке каттамдарга, туристтик жолдомолорду сатууга тыюу салган, визасыз режим убактылуу токтотулган. Кремль азык-түлүк эмбаргосун да киргизген.

2016-жылы июнда Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Орусия премьер-министри Владимир Медведев Түркияга тур сатууга киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча жарлыкка кол койгон. Кийинчерээк азык-түлүк эмбаргосу да жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий