• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте кыргыз акындарына арналган китептин бет ачары болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 18.10.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде адабият изилдөөчүсү, публицист жана котормочу, запастагы полковник Шавкатбек Умирзаковдун өзбек тилиндеги “Қирғиз оқинлари” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

“Өзбекстан-Кыргызстан” достук коомунун төрагасы, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү өзбек манас изилдөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, профессор Зухриддин Исамутдиновдун айтымында, Өзбекстан менен Кыргызстандын, эки боордош өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы өз ара мамилелер, карым-катыш күн сайын чыӊалып бара жаткан учурда, ушундай чыгарманын жаратылыш жалпы үчүн кубанычтуу окуя.

“Мурда, союз мезгилинде, “Орус адабияты”, “Чет өлкөлөрдүн адабияты”, “СССР элдери адабияты” сыяктуу предмет болгон, бирок боордош элдердин адабиятына арналган предметтер дээрлик болгон эмес. Адабияттын күйөрманы, көз карандысыз изилдөөчү Шавкатбек Умирзаков кыргыз акындарына арналган ушул китеби мына ошол кемчиликтиктин ордун толтурууга өз салымын кошот”, - деп белгиледи Исамутдинов.

Университеттин “Өзбек адабият таануу” кафедрасынын мүдүрү, филология илимдеринин доктору, профессор Хамидулла Балтабаев өз сөзүндө Умирзаков кыргыз поэзиясынын эӊ байыркы доорунан баштап ХХ кылымга чейинки болгон доордо жашап өткөн кыргыз акындарынын оозеки чыгармачылыгы тууралуу өтө баалуу маалыматтарды жыйнаганына көӊүл бурду.

“Бул маалыматтар адабият изилдөөчүлөрү, айрыкча боордош элдердин адабиятынв кызыккандар үчүн өтө пайдалуу. өзбек тилинде жарык көргөн бул китеп факультетибиздин студенттери үчүн өтө керектүү колдонмо болуп саналат”, - деди Балтабаев.

Китепте кыргыз прозасыны белгилүү өкүлдөрү Токтогул, Асан кайгы, Калыгул, Тоголок Молдо, Жеӊижок, Барпы Алыкулов, Калык Акиев, төкмө акындар Эстебес Турсуналиев, Замирбек Усөнбаев жана башкалар тууралуу маалыматтар берилип, алардын эӊ жакшы чыгармаларынан үзүндүлөр өзбек тилине которулган.

Китеп Өзбекстан илимдер академиясынын “Fan ziyosi” басма үйүндө басылган.

Чыгарманын илимий консультанты Өзбекстан илимдер академиясынын Өзбек тили, адабияты жана фольклор институтунун профессору, филолгия илимдеринин доктору маркум Маматкул Жураев болгон.

Китептин автору Шавкатбек Умирзаков 1968-жылы Анжиян облусунун Ходжаабад районуна караштуу Мангыт айылында туулган жергиликтүү кыргыз. Саратовдогу Ракета күчтөрүнүн Жогорку Аскердик академиясын бүтүргөндөн соң Беларуста кызмат кылган. 1990 жылдан соң Өзбекстанга кайтып келген. Учурда Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде Аскердик окуу борборунда эмгектенүүдө.

Мен бир нече кызматтарды аркаладым, Самарканддагы жогорку аскердик окуу жайда жаш муундарды окутуу менен алектендим, бир нече окуу куралдарын, окуу куралдарын иштеп чыктым.

Пикир

Оставить комментарий